03.07.2018 10:55

Бостеридеги «Осьминог» кафесин өрттөөгө шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Бостеридеги «Осьминог» кафесин өрттөөгө  шектелип  уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы «Осьминог» кафесин өрттөгөн деген шек менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул туурасында Бишкек шаардык ИИББдан билдиришти. 

Эскерте кетсек, 2018-жылдын январында белгисиздер тарабынан Ысык-Көл облусунун Бостери айылында жайгашкан «Осьминог» кафеси өрттөлгөн. Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренеси (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) менен кылмыш иши козголгон. Окуя коомдо кызуу талкууга алынып, жеке ишкердин коопсуздугун сактоо максатында аны мамлекеттик коргоо менен камсыз кылышкан. Кылмыш ишти иликтөөнү ИИМдин жетекчилиги көзөмөлгө алган.

Иликтөө иштеринин учурунда милиция кызматкерлери Ысык-Көл облусунун эки тургунун колго түшүргөн. Алар буга чейин ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган. Алар камакка алынып,  үйлөрүн тинтүү учурунда баңгизаты жана ок-дары табылган.

Алардын бири 1994-жылкы Ж.Р.  Экинчи шектүү 1995-жылкы А.Д. Ысык-Көл районунун тургуну. Милициянын маалыматына караганда, бул адамдар кафеге бензин чачып өрттөп жиберишкен. 

Бул факт боюнча 246- берене  (башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) жана 241-берене (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.  

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Кылмыштуу топ менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларынын учурунда бул кылмышты уюштурууга жана аткарууга тиешеси бар деп шектелген дагы башка адамдарды аныктады.  

Бул иш боюнча дагы 4 адам тергөөдөн өтүп жатат. Учурда алардын ишкерлерди коркутуу сыяктуу дагы  башка кылмыштарга тиешеси бары-жогу аныкталууда.